Бүгүн өкмөттүн жалпы абалы чынында өтө оор. Бирок ошого жараша өкмөт башчыга талап катуу болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 1-апрелде депутат Заирбек Жоошбеков билдирди.
Анын айтымында, өкмөт башчылыкка талапкер Жоомарт Оторбаев өкмөттүн ишин жөнгө салып кете алат. Ал эми ал кишинин жумшактык сапаты маселе жаратышы ыктымал.
“Жантөрө Сатыбалиевдин артында айрым маселелердин көптүгү жумушуна көбүрөөк терс таасир этип калды. Мисалы, ошол эле "Кумтөр" келишими, Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамдирекциядагы каржы маселелери. Бирок бул тууралуу соттун "күнөөлүү" деген чечими жок туруп, ал кишини күнөөлөй албайбыз”,- деди Заирбек Жоошбеков.