Парламентте бүгүн, 1-апрелде коалициялык көпчүлүк жаңы өкмөттүн курамын талкуулоону эртеңкиге жылдырды. Бүгүн депутаттар премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаевдин программасы менен таанышып чыгып, эртеңки ЖКнын жыйынында программаны, өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлерди талкуулашмакчы. Сунушту коалициялык көпчүлүктүн лидери Феликс Кулов айтып, депутаттар макул болушту.