Айнуру Алтыбаева: "Маданият министри кызматына көрсөтүлгөн Камила Талиевадан өткөн маданиятсыз адам жок"

Бүгүн, 1-апрелде "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында Айнуру Алтыбаева "маданият министри кызматына көрсөтүлгөн Камила Талиевадан өткөн маданиятсыз адам жок" деп билдирди. Жыйында премьер-министрликке Жоомарт Оторбаевдин талапкерлиги талкууланып жаткан. 
Эл өкүлүнүн айтымында, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Камила Талиева кол алдындагы кызматкерлерге орой мамиле жасайт. 
"Талиева вице-премьер-министрлик кызматта иштегенден бери 12 жардамчы, 15 катчы жана бир нече айдоочуларды алмаштырды. Фракциянын отурумунда бул маселе жаңы өкмөт башчысынын катышуусунда каралышын талап кылам. Анын кол алдында иштегендерден мен тиешелүү катты алдым. Жакында эле "Ар-намыс" аны маданият министрлигине сунуштай тургандыгын окудум. Бирок мен Талиевадан өткөн маданиятсыз адамды көргөн эмесмин. Ошондуктан Камила Талиеванын ишмердүүлүгүндө анын этикалык жагын да кароону суранам",- деди Айнуру Алтыбаева.
Эске сала кетсек, буга чейин жаңы куралган көпчүлүк коалиция Камила Талиеваны маданият, маалымат жана туризм министри кызматына көрсөтүп жатканы боюнча айтылган эле.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан