Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 1-апрелде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө мамлекет башчысы КРнын Куралдуу күчтөрүн реформалоонун жүрүшү жана аскердик башкаруунун борбордук органы - өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын уюшулгандан берки иши тууралуу күч түзүмдөрүнүн маалыматтарын укту.

Кеңешменин катышуучулары президентке күч түзүмдөрү тарабынан өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат беришти.

Мамлекет башчысы өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун чыңдоого, коомдук тартипти сактоого багытталган иштерди күчөтүүнүн маанисин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин өз ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча алдыга коюлган милдеттерди өз учурунда жана сапаттуу камсыз кылууга милдеттендирди.

Кеңешмеде ошондой эле өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо, турак жай менен камсыз кылуу боюнча маселелер дагы талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан