КР Өкмөтүнүн программасы жана түзүмү КР Жогорку Кеңешине жана төрага Асылбек Жээнбековдун атына түшө элек. Бул тууралуу 1-апрелде ЖКнын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, КРнын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 1-апрелинде «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн» парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында КРнын Өкмөтүнүн программасы жана түзүмү КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбековго берилгенин белгилеген.
"Буга байланыштуу КР Өкмөтүнүн программасы жана түзүмү КР Жогорку Кеңешине жана төрага Жээнбековдун атына түшө электигин маалымдайбыз",- деп жазылды жарыяда.