Парламентте бүгүн, 2-апрелде коалициялык көпчүлүк жаңы өкмөттүн курамын талкуулайт. Депутаттар премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаевдин программасы менен таанышып чыгып, ЖКнын жыйынында программаны, өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлерди талкуулашмакчы.