КСДП фракциясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаты Эльвира Сариева социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Заирбек Жоошбеков билдирди.
Ал "Ар-намыс" фракциясынан вице-премьер-министр болгон Камила Талиеванын ордуна барат. "Эльвира Сариеванын талапкерлигин биздин фракция сунуштап жатат. Ал жаш жана жигердүү иштейт деген ишеничте турабыз. Бирок анын талапкерлиги канчалык добушка ээ болот, бул КСДП фракциянын бүгүнкү отурумунда белгилүү болот", - деди эл өкүлү Заирбек Жоошбеков.