Крымдын аймагына кирүүгө тыюу салынган украиналык чиновниктердин саны дагы 10 адамга өстү. Алардын катарында экс-премьер-министр Юлия Тимошенко жана “Правый сектордун” лидери Дмитрий Ярош бар. Маалымат 1-апрелде чет элдик ММКлар аркылуу жарыяланды. Крымдын аймагына кирүүгө жалпы 330 аткаминерге тыюу салынганы айтылды. Тизмеге Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов, премьер-министр Арсений Яценюк, ички иштер министри Арсен Аваков жана башкалар кирген.