Жаңы өкмөт “Кумтөр” маселеси боюнча февраль айында парламент кабыл алган чечим менен иштейт. Муну парламентте 2-мартта өкмөттүн курамы талкууланган жыйында премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, бул маселе “Ата Мекен” фракциясында каралган жок.
“Мен фракцияга эмес, Жогорку Кеңешке жооп берем. “Кумтөр” боюнча өзүңүздөр үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү демилгесин колдодуңуздар. Биз Жогорку Кеңеш кабыл алган чечимдин негизинде иштейбиз”,- деди Оторбаев.