Депутат Анарбек Калматов жаңы өкмөттүн программасына нааразы

Парламентте бүгүн, 2-апрелде жаңы өкмөттүн курамы талкууланып жатат. Депутаттар өкмөттүн программасы жана курамы боюнча суроо беришип, ага премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев жооп берүүдө. Өкмөттүн программасына депутат Анарбек Калматов нааразы. “Туруктуулук болуш үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү керек. Сиздин программаңыздан жаңы иш орундарын түзүү боюнча эч нерсе көргөн жокмун. Завод, фабрика куруу боюнча сөз жок, эмне деген программа?”- деди депутат.

Жоомарт Оторбаев программада бул тармак бар экенин айтып, депутатка программаны жакшылап окуп чыгууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан