Жоомарт Оторбаев: “Мурунку өкмөт эч нерсе жасаган жок” деген туура эмес”

“Мурунку өкмөттүн тушунда эч кандай иш жасалган жок” деген туура эмес”,- деди премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев. Анын билдиришинче, статистикалык маалыматтар өлкөдө көп иштер жасалганын көрсөттү.

“Статистикасыз эле бир мисал келтирейин. Бишкек шаарында жүздөгөн көп кабаттуу үй курулуп жатат. Мындай тарыхта болгон эмес”,- деди Оторбаев. Депутаттар 2 жыл ичинде өлкөдө канча жумушчу орду түзүлгөнүн сурашты эле Оторбаев: “Бул маселеде статистикалык маалыматтарга ишенүүгө болбойт. Статистика өтө аз санды көрсөтөт, мен аны азыр так айта албайм”,- деп жооп берди.

Айта кетсек, парламентте жаңы өкмөттүн курамы жана программасы талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан