Бүгүн, 2-апрелде Апрель окуясында курман болгондордун жакындары Ак үйдүн алдындагы эстеликтин жанына чогулушат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Мекен шейиттери” коомдук уюмунун лидери Осунбек Жамансариев билдирди.
Айтымында, Апрель окуясында каза тапкандардын жакындарына куран окутуп, мындан аркы кадамдарды талкуулашат.
“Кечээ, 1-апрелде 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча сот жараянында прокурорлордун "элге ок атты" деп шектелип жаткан атайын даярдыктагы аскерлерди актоо сунушу бизди таң калтырды. Ошондуктан да кечээ күнкү соттук отурумдан чыгып кеттик. 7-Апрель жакындап калгандыктан, бүгүн маселени Ак үй алдында талкуулайбыз”,- деди Осунбек Жамансариев. “2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяда каза болгондордун жакындары Коргоо кызматынын мурунку жетекчиси Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунгановду күчөтүлгөн абалдагы абакка 25 жылга эркинен ажыратууну, үй-мүлктөрүн конфискациялоону жана аскердик наамдарынан ажыратууну суранганбыз. Бирок сот буга макул болбой жатат”,- деп кошумчалады Осунбек мырза.