“Кыргызстанда бүгүнкү күндө 30 миң баланын мектепке барбай калышы – акылга сыйгыс көрүнүш”,- деп билдирди премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев. Анын билдиришинче, жатак-үйлөрдө 10,5 миң бала тарбияланууда.
“Ал балдардын 80 пайызынын ата-энеси бар. Бул боюнча атайын мамлекеттик программа кабыл алуу зарылчылыгы турат. Жакында балдар маселесине арналган иш-чарага катышып, 30 миң баланын мектепке барбай калагын угуп нес болдум”,- деди Оторбаев.
Айта кетсек, парламентте жаңы өкмөттүн курамы жана программасы талкууланууда.