Депутаттар "вице-премьер-министрликке талапкер Эльвира Сариева дагы бир аз өсүшү керек" дешти

Жогорку Кеңеште бүгүн, 2-апрелде жаңы өкмөттүн курамы талкууланып жатат. Депутат Ирина Карамушкина социалдык блок боюнча вице-премьер-министрликке Эльвира Сариеванын талапкерлигине токтолду. Депутаттын билдиришинче, Сариева бул кызматка жаштык кылат. “Мен партиялашым Эльвира Сариеваны урматтайм, абдан акылдуу, чыгаан инсан. Кадрдык секирик жасаганы турат. Бирок социалдык тармакты жетектөө оңой эмес, тажрыйба керек. Менимче, Сариева дагы бир аз өсүшү керек”,- деди Карамушкина.

Премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев өкмөттүн жаңы мүчөлөрү мындан ары кылган иши менен баалана турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан