Жогорку Кеңештин «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн» парламенттик көпчүлүк коалициясында жаңыдан түзүлүп жаткан КР Өкмөтүнүн программасынын, анын түзүмү менен курамынын долбоору каралууда. Депутаттардын суроолоруна премьер-министрликке бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлгөн Жоомарт Оторбаев жооп берүүдө. Анын айтымында, өкмөт түзүмү анчалык деле кескин өзгөрүүлөргө туш болбойт.
Талапкер Ж.Оторбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өкмөт өзүнүн 2013-2017-жылдары Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү программасында камтылган иш-чараларды жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи. «Өлкөнүн экономикасында өткөн жылдары өсүш байкалды. Ал эми республикалык бюджеттин таңсыктыгы - акырындап чечиле турган маселе»,- дейт Жоомарт Оторбаев.