“Вице-премьер-министрликке кимдир бирөөнүн кысымы менен эмес, өз каалоом менен талапкер болдум”,- деп билдирди социалдык блок боюнча вице-премьер-министрликке КСДПдан талапкер Эльвира Сариева. Айта кетсек, парламентте жаңы өкмөттүн курамы каралууда. Депутат Эркингүл Иманкожоеванын “Сизди каалооңуз жок экенине карабай мажбурлап талапкер кылганы айтылууда, ушул чынбы?” деген суроосуна Сариева “эгер каалоом жок болсо, талапкер болуп бул жерде отурбайт элем да” деп жооп берди.
Сариева мурда мамлекеттик органдарда иштебегенин, мунусу вице-премьер-министрлик ишине тоскоолдук жаратпай турганын айтты.