“Чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов жакшы иштерди жасап жатты эле, анын талапкерлиги эмнеге алынып калганын түшүнгөн жокмун”,- деп билдирди депутат Эркингүл Иманкожоева. Айта кетсек, парламентте жаңы өкмөттүн курамы каралууда. Анын билдиришинче, жакшы иштеп жаткан кадрлар ордунда калышы керек. “Абдырахман Маматалиевдин талапкерлигине каршы эмесмин, бирок Мамытов ишти бир топ алдыга жылдырып жатты эле”,- деди депутат.
Чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министрликке “Ар-намыс” фракциясынан Абдырахман Маматалиевдин талапкерлиги сунушталды.