“Агенттик жана кызматтардын башчыларын дайындоо укугу менде, кесипкөй адамдарды кызматка коём” деди Жоомарт Оторбаев

“Кыргызстанда агенттик жана кызматтардын башчыларын дайындоо укугу менде, кесипкөй кадрларды дайындайм”,- деп билдирди премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев. Ал муну 2-апрелде коалициялык көпчүлүктүн жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. “Мен кызматка дайындай турган адамдар адилеттүү жана кесипкөй болушу керек. Таза эмес адамдар мени менен иштеше албайт”,- деди Оторбаев.

Айта кетсек, жаңы өкмөттүн курамын парламент 3-апрелде бекитет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан