Чогулгандар Фарид Ниязовго Апрель окуясы боюнча эмне үчүн ушул күнгө чейин жыйынтык чыкпай жаткандыгы тууралуу кайрылып, “2010-жылдагы 7-апрелдеги окуяга төрт жыл болду. Эмне үчүн жыйынтык чыкпай жатат? Айткан убадаңар кана?” деген суроолорун беришти. Маселеге Фарид Ниязов “Муну сот сот чечет. Соттун жообун күтүш керек” деп жооп кылды.