Парламенттеги коалициялык көпчүлүк бүгүн, 2-апрелде жаңы өкмөттүн курамын талкуулады. Анда талапкерлердин ичинен эң көп сын укканы маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Камила Талиева болду. Бул талапкерге депутаттардын дооматы көп. Эл өкүлдөрү Талиеванын бул тармакты башкарып кетиши күмөн экенин ачык эле айтышты.
“Маданият ишмерлери, чыгармачыл адамдар өтө сезимтал болушат. Бул тармакта эч качан иштебеген адамды кантип министр кылып дайындаганы жатабыз? Элдин кызыкчылыгын эске албай, жеке амбициялардын арты менен бирөөнү кызматка дайындоо туура эмес, Камиланын өзүнө да ыңгайсыз болот”,- деди депутат Ирина Карамушкина.