Айтымында, өкмөттүн түзүмүн толук алмаштыруу керек. “Ачыгын айтканда, өкмөт курамына кайра эле эски адамдар келгени жатышат, программасынан жаңы эч нерсени көрбөйсүң. Буга чейин эмне иштерди кылганын айта албаган өкмөт келечекте бир нерсе кыла алмак беле? Ал эми министрлер буга чейинки кылган иштери боюнча парламенттин, элдин алдында отчёт бериши керек. Тилекке каршы, андай болгон жок. Жантөрө Сатыбалдиев отчёт бербей кетти. Бирок Жоомарт Оторбаев өз иштери боюнча отчёт бериши зарыл”,- дейт Кунакунов.