“Кыргызстанда мыкты инвестициялык климат түзмөйүнчө экономика өспөйт”,- деп билдирди премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев. Оторбаев муну парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. “Башка өлкөлөргө караганда бизде инвестициялык климат жакшы болушу керек жана өлкөгө инвестиция тартышыбыз зарыл”,- деди талапкер.
Айта кетсек, бүгүн, 2-апрелде ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде жаңы өкмөттүн түзүмү жана курамы каралууда. Депутат Абдыжапар Бекматов Таш-Көмүр шаарына минералдык жер семирткич чыгара турган завод куруу боюнча сөз болуп, бирок ишке ашпай жатканын билдирген эле.