Кыргызстанда бийлик башында тургандардан президент Алмазбек Атамбаев менен төрага Асылбек Жээнбеков гана кыргыз тилин жакшы билишет. Депутат Турсунбай Бакир уулу ЖКнын 2-апрелдеги жыйынында ушундай пикир билдирди. Бакир уулу премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаевге кыргыз тилинде сүйлөөнү сунуштады.
“Премьер-министр болсоңуз кыргыз тилин жакшы билишиңиз керек. Калк менен котормочусуз түз пикир алышууңузду каалайм”,- деди депутат.