“Эгерде бала бакчалардын абалын жакшыртпасак, келечекте өлкөдөн билимдүү мамлекеттик кызматкерлердин чыгышы күмөн”,- деди парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 2-апрелдеги жыйынында депутат Сайдулла Нышанов. Ал мындай пикирин өкмөттүн программасы жана курамы менен таанышып жатканда айтты.
Нышанов вице-премьер-министрлик кызматка сунушталып жаткан Эльвира Сариевага аймактардагы бала бакчалардын бүгүнкү абалына өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.
“Мен сизди аймактардагы бала бакчаларга өзгөчө көңүл бурууга чакырам. Аларга олуттуу көңүл буруп, жакшыртпасак, эртең билимдүү мамлекеттик кызматкерлердин чыгуусу күмөн жаратат”,- дейт эл өкүлү.