Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев менен Кыргыз-Орус славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Депутат Каныбек Иманалиев студенттерге ЖКнын ишмердүүлүгү, Кыргызстандагы парламентаризмдин өнүгүшү жана азыркы таптагы эл аралык мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча кеңири маек курду.
Жолугушууда депутат студенттерге экономикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча кабыл алынып жаткан мыйзамдар тууралуу да жооп берди.