Экс-депутат Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтып келсе, ага карата козголгон кылмыш иши кайрадан жанданат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 3-апрелде билдирди.
Эске сала кетсек, 2012-жылдын 17-сентябрында Башкы прокуратура тарабынан “алдамчылыкка катышуу”, “кылмыш жолу менен мүлккө ээлик кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан улам ошол эле жылдын 18-декабрында Башкы прокуратура парламентке Садыр Жапаровго карата кылмыш ишин козгоо жана аны депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу сунушу менен кайрылган. Бирок муну парламент канааттандырган эмес. Иликтөө ошол бойдон токтогон.
Кийин 2013-жылдын 20-августунда Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен депутаттык мандатынан ажыратылган. Ошондон кийин ал Кыргызстандан чыгып кеткен.