КРнын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев 2-апрелде Түркиянын премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоганды муниципалдык шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Жоомарт Оторбаевдин куттуктоо катында “2014-жылдын 30-мартында болуп өткөн Түркиядагы муниципалдык шайлоолордо "Адилеттүүлүк жана өнүктүрүү" партиясынын ишенимдүү жеңиши менен чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыз” деп жазылган.
Мындан тышкары “Сиз жетектеген "Адилеттүүлүк жана өнүктүрүү" партиясынын жеңиши Сиздин өзүңүзгө жана өлкөнү өнүктүрүүнүн жарыяланган программасына Түркия элинин ишениминин далили” деп айтылат.
КРнын Премьер-министринин милдетин аткаруучу ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Реджеп Тайип Эрдоганга чың ден соолук, бакыт-таалай, ал эми Түркиянын боордош элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.