2014-жылдын 28-февралына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 3 миллиард 406,7 миллион АКШ долларын (178 миллиард 633,5 миллион сом) түздү. Анын 3 миллиард 177 миллион АКШ доллары (166 миллиард 589 миллион сом) тышкы карыз жана 229,6 миллион АКШ доллары (12 миллиард 44 миллион сом) ички карыз болуп саналат.
Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларына карата республикалык бюджеттен мамлекеттик карызды төлөөгө 1 миллиард 772 миллион сом жумшалды. Анын 585,7 миллион сому тышкы карызды төлөөгө жана 1 миллиард 186,3 миллион сому ички карызды төлөөгө сарпталган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.