Бишкекте бүгүн Улуттук оппозициялык кыймыл маалымат жыйынын өткөрөт

Оппозиция лидерлери бүгүн, 3-апрелде маалымат жыйын куруп, митинг, пикеттерге тыюу салуу жана сөз эркиндигинин кысымга алынуусуна байланыштуу маселе көтөрүшөт. Бул тууралуу Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери, депутат Равшан Жээнбековдун жардамчысы Тимур Аблаев кабарлады. 

Айтымында, оппозиция өкүлдөрү өкмөттүн алмашуусу тууралуу да пикирлерин билдиришет. Жыйынга Равшан Жээнбеков, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Суваналиев, Кубанычбек Кадыров, Мамбетжунус Абылов катышат.

Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту 1-майга чейин "Ала-Тоо" аянтында митинг жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан