“Коалициялык көпчүлүк премьер-министрди тандоодо атаандаштыктан коркту”,- деп билдирди парламенттин 3-апрелдеги жыйынында “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов. Депутаттын билдиришинче, жаңы премьер-министрди жумшак рейтинг аркылуу шайлоо - коомчулуктун пикири.
“Коалиция түзүүдө “Республика” фракциясынын сунушу эске алынган жок. Өкмөт курамына жаштарды, реформа жасай ала турган адамдарды алып келиш керек эле. Коалиция атаандаштыктан коркту. Өкмөттү алмаштыруу саясий оюн экени коалициянын аракеттеринен кийин белгилүү болду. Эгер жаңы өкмөт кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоп иштесе гана оппозициядагы “Республика” фракциясы иштешүүгө даяр”,- деди Арипов.