Маалыматка таянсак, 2012-2012-окуу жылында 7854 студент келген. Ал эми 2013-2014-окуу жылына 9371 студент келген. Студенттердин басымдуу бөлүгүн Индия жана Пакистандан келген студенттер түзөт жана алар көбүнчө медицина тармагында билим алышат. Ошондой эле Кытай, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Ооганстан жана Тажикстандан келген студенттер да бар.
Чет элдик студенттердин көпчүлүгү медицина тармагын тандашат. Себеби Кыргызстанга салыштырмалуу башка өлкөлөрдүн медицина тармагында билим алуу өтө кымбатка турат. Чет жерден келген студенттердин арасында филология факультети да абройго ээ экени маалым.