Мыктыбек Абдылдаев “Ата Журт” фракциясынын лидерлигинен кетти

Мыктыбек Абдылдаев парламенттеги “Ата Журт” фракциясынын лидерлигинен кетти. Муну депутат өзү ЖКнын 3-апрелдеги жыйынында расмий түрдө билдирди. “Фракцияда ушундай чечим кабыл алдык, мен фракция лидери катары ыйгарым укуктарымды токтоттум. Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем, “Ата Журт” фракциясынын жана партиясынын мүчөлөрүнө ыраазымын”,- деди депутат. Фракция лидерлигин тапшырууга эмне себеп болгонун айткан жок депутат. 

Абдылдаев “Ата Журт” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу болуп Жылдыз Жолдошова дайындалганын да билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан