ЖКнын бүгүн, 3-апрелдеги жыйынында «Ата Журт» фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошова премьер-министрдин кызматына талапкер Жоомарт Оторбаевге жабык добуш берүүнү сунуштады.
"Өкмөт башчылык – абдан маанилүү кызмат, ошол себептүү аны бирдиктүү тизме менен добуш берүү аркылуу бекиткен болбойт. Калгандары үчүн тизме менен добуш берсе болот, ал эми премьерди өзүнчө караш керек",- деди эл өкүлү.