Кыргызстандын 100гө жакын жараны Орусияда бакалавр, магистратура, аспирантура, докторантура программалары боюнча билим алууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка таянсак, аталган студенттер өкмөттөр аралык билим берүү жаатындагы келишимдердин негизинде билим алышат. Быйыл Орусия Федерациясында Кыргызстандын 100гө жакын жараны билим алууда.
Ошондой эле Казакстанда кыргызстандык 5 жаран бакалавр жана магистратура программалары боюнча, ал эми Тажикстанда 25 жаран бакалавр программасы боюнча билим алууда деп айтылат маалыматта.