Чыныбай Турсунбеков: “Премьер-министрди жумшак рейтинг аркылуу шайлоо жарабай турганы Бабанов өкмөт башчылыгына шайланганда тастыкталган”

“Парламентте жаңы коалиция түзүүдө “Республика” фракциясына чын дилден кайрылдык, ортодо чын дилден сүйлөшүү болду, муну Назарали Арипов унутуп калган окшойт”,- деп билдирди ЖКнын 3-апрелдеги жыйынында КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков. Айтымында, өкмөт башчыны жумшак рейтинг аркылуу шайлоо ыкмасы туура эмес экенин тажрыйба көрсөттү.

“Бабанов премьер-министр болуп шайланганда жумшак рейтинг ыкмасы колдонулган. Бирок анда кандай иштер болгонун депутаттар жакшы билебиз, унутуп калдыкпы? Коомчулукту алдоодон алыс бололу. Жантөрө Сатыбалдиевди кетирүүнү саясий оюн дей турган болсок, анын башында Назарали Арипов турат. Аны кетирүүгө кол топтоону ушул киши баштаган”,- деди Турсунбеков.

Айта кетсек, буга чейин Арипов коалиция түзүүдө “Республика” фракциясынын кызыкчылыгы таптакыр эске алынбай калганын айткан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан