“Өкмөт башчыны шайлоонун альтернативдүү жолун качантан бери “коррупциялык жол” деп атап калдык эле?” деди депутат Кенжебек Бокоев ЖКнын 3-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, премьер-министрди жумшак рейтинг аркылуу шайлоо туура болмок.
“ММКлардан айтып жатышат, жумшак рейтинг - коррупциялык иш деп. Бул эмне, Турсунбековдун жаңы теориясыбы? Акыйкатчыны, сотторду жумшак рейтинг менен эле шайлап жатабыз го?”- дейт Бокоев.
Айта кетсек, жыйында КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков жумшак рейтинг ыкмасы туура эмес экенин билдирген эле.