Бүгүн, 3-апрелдеги маалымат жыйынында Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин студенти Дастан Каримов "Арабияда өтүүчү фестивалда кыргызстандыктар "Кара жорго" бийин бийлешет" деп билдирди.
Анын айтымында, акыркы 2 айдын ичинде даярдоо иштери жүргүзүлгөн. Фестивалда чет өлкөлүк катышуучулар жана туристтердин астында кыргызстандыктар "Кара жорго" бийин бийлешип, улуттук ырларды ырдашат. Мындан тышкары боз үй жөнүндө атайын номер даярдалган.
"6-апрелден 25-апрелге чейин Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарында өтүүчү Тарыхый мурас фестивалына Кыргызстандын катышуусу арабиялык инвесторлордун көңүлүн бурат деген ишеничтебиз",- деди ал.