Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында “Ата Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев фракция лидерлигинен кеткенин жарыялады. Төрага Асылбек Жээнбеков муну күтпөгөнүн билдирди. “Күткөн эмесмин, азыр угуп жатам. Көп иштерди жасадыңыз, мындан ары да мыкты мыйзамдарды жазасыз деп ишенем. Эң башкысы, фракция лидерлигин татыктуу аброй менен тапшырып берип жатасыз”,- деди Жээнбеков.
Депутаттар Абдылдаевге ыраазычылык сөздөрүн айтышты.
Мындан кийин төрага “Ата Журт” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган депутат Жылдыз Жолдошовага кайрылып буларды айтты: “Куттуктабай койду дебеңиз. Мыктыбек Юсуповичтин кеткенин азыр укканым үчүн бир аз башкача болду окшойт. Куттуктайм, тууну мындан ары көтөрүп кете бериңиз”.