Гемодиализ алган бир бейтапка мамлекет жылына 800 миң сомдон ашык каражат сарптайт. Ал эми 425 бейтапка 360 миллиондон ашык каражат жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясатынын башкармалыгынын бөлүм башчысы Талант Арстанкулов билдирди.
“Бир гемодиализдин сеансына орто эсеп менен 5-7 миң сом сарпталат. Гемодиализдин сеансы 3-4 саатка уланат. Бул убакыт аралыгында гемодиализ бөйрөктүн толук кандуу ишин аткарып, бейтаптын каны толугу менен тазаланат. 7 миң сомдун ичине колдонулган медициналык каражаттар кирет. Сеанс учурунда чыпка түтүгү, диализатор сыяктуу аппарат тетиктери жаңыланып турушу зарыл. Ошондой эле бул баанын ичине гемоглобинди көтөрүп, канды суюлтуучу бир катар дары-дармектер кирет”,- дейт Талант Арстанкулов.
Анын айтымында, абалы орто бейтап айына 12 гемодиализ сеансын алат. Ал эми акыбалы өтө оор бейтаптар күнүнө 12 гемодиализ сеансына муктаж болуп калышат.