Жаңы өкмөттүн курамы менен программасы талкууланган Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйыны телеканал аркылуу толук көрсөтүлөт. Депутаттар жыйында ушундай чечим кабыл алышты. Сунушту депутат Улукбек Кочкоров киргизип, буларды айтты:
“Кандай өкмөт келерин, эмне деген суроо-жооптор болгонун эл күтүп жатат. Жаңы өкмөттүн мүчөлүгүнө талапкерлер эмне деп сүйлөп, кандай убадаларды бергенин эл көрсүн”.
Сунушту депутаттар бир добуштан колдошту.