"Супер-Инфо" гезитинин 2013-жылдагы тандоосу боюнча "Жылдын супер тасмасы" болгон "Салам, Нью-Йорк!" тасмасынын режиссёру Руслан Акун "буюрса, август айында АКШга аттанам" деп жүргөн кези. Анын себебин Руслан мындайча түшүндүрдү:
“Билимимди тереңдетүү максатында өткөн жылдын декабрь айында Түштүк Калифорния университетинин Магистратура академиясына тапшырган элем. Жакында эле ал окуу жайга өткөндүгүм тууралуу маалымат алдым. Негизи, бул окуу жай дүйнөдөгү эң алдынкы окуу жайлардан. КМШ өлкөлөрүнөн бул университетке 4-5 пайыз эле абитуриент кабыл алынат экен. Мындай мүмкүнчүлүк мага буюруп, мен КМШдан бара турган алгачкы магистрант болдум. Буюрса, август айында АКШга аттанам. Ал жакта 3 жыл окуп, алган билимимди керектүү багытка жумшайм деп ойлойм".
Ошондой эле Руслан Акун билим алуусуна колдоо көрсөтүп жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго терең ыраазычылыгын билдирип өттү.