“Мамлекеттеги кайсы гана маанилүү тармак болбосун, күчтүү мыйзамдарсыз маселе чечүүгө болбойт”,- деп билдирди юстиция министрлигине талапкер Алмамбет Шыкмаматов. Муну талапкер парламенттин 3-апрелдеги жыйынында билдирди. Айтымында, Юстиция министрлигинин карамагында ушу тапта 3000дей мыйзам актылары бар. “Мыйзамдардын аткарылышы, иштеп жаткан мыйзамдардагы карама-каршылыктарды оңдоп чыгуу - биздин министрликтин милдеттеринин бири. Мындан ары да парламент менен тыгыз кызматташтыкты улантабыз”,- деди Шыкмаматов.