“2013-жылы өкмөттүн атынан мыйзамдардын 60 пайызын Экономика министрлиги парламентке киргизди”,- деп билдирди экономика министри кызматына талапкер Темир Сариев ЖКнын 3-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, министрликтин негизги милдеттеринин бири – көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу.
“Өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүшү, мамлекеттин экономикалык багытын аныктоо жана ишкердикке шарт түзүү - биздин милдет. Мунун бир тобун жасадык, жасай турган да иштер көп. Көмүскө экономиканы ачыктоо да биздин ишибиз”,- деди талапкер.
Айта кетсек, парламентте жаңы өкмөттүн курамы талкууланып жатат.