Камчыбек Ташиев Улуттук оппозициялык кыймылдын тең төрагасы болду

Камчыбек Ташиев Улуттук оппозициялык кыймылдын тең төрагасы болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде аталган кыймылдын төрагасы Равшан Жээнбеков маалымат жыйынында билдирди.

“Мындан ары оппозициялык кыймылдын лидери жалгыз мен эмесмин. Камчыбек Ташиев экөөбүз тең төрагалык кылабыз. Бул чечимди биз бир добуштан кабыл алдык. Азыркы тапта оппозиция чечкиндүү кадамдарды жасаганга даяр. Анткени 2010-жылдагы революциядан кийинки реформадан жыйынтык чыккан жок. Ошондой эле 2015-жылы өтө турган шайлоого бийликтегилер өз адамдарын тартышы да мүмкүн",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан