Жогорку Кеңеште бүгүн, 3-апрелде жаңы өкмөттүн курамы каралууда. Депутат Данияр Тербишалиев биринчи вице-премьер-министрликке Тайырбек Сарпашевдин талапкер болуп чыгышына каршы. “Сарпашевдин компаниясы мамлекеттик тендерлерге катышып, 3 жылда 500 миллион сомдук ишти утуп алды. Бир жылда 20 тендерден утуп чыгууда. Жөнөкөй ишкердин компаниясы ушинтип утуп чыга алабы? Таза адамдар өкмөткө келмейинче өнүгүү болбойт”,- деди депутат.
Мындан кийин Сарпашев айтылган сынга жооп берди.
“Бул маселе коррупция менен күрөшүү үчүн эмес, башында эле Сарпашевди каралоо максатында көтөрүлгөн. Депутаттык комиссия иликтеп чыкты, жыйынтыгында “Сарпашев коррупционер” деген сөз жок. Сиз жыйынтык менен тааныша элек экенсиз, заказчигиңиздин тапшырмасын дагы эле кынтыксыз аткарып жатасыз”,- деди Сарпашев.
Мындан кийин сөз сүйлөйүн деген Тербишалиевге төраганын орун басары микрофон берген жок.
Премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев бул иш боюнча материалдар болсо, тийиштүү органдар иликтеп чыгарын билдирди.