Маданият министрлигине талапкер Камила Талиева иш учурунда намаз окуп, жумуш боюнча келген кызматкерлерди кабыл албай, күттүрүп коёт. Муну парламенттин 3-апрелдеги жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирип, Талиеванын бул жоругуна тармактын кызматкерлери нааразы экенин айтты.
“Биздин өлкө светтик өлкө, эч бир дин милдеттүү катары эсептелбейт. Отчёт бергени келген кызматкерлерди күттүрүп, намаз окуйт экен. Бул иш боюнча кызматкерлер даттанышкан”,- деген Карамушкина чиновниктин карманган дини кызматка тоскоол болбошу керектигин белгиледи.