Премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев ЖКнын 3-апрелдеги жыйынында “Азиз Батукаев боюнча парламент кабыл алган токтомдун аткарылышын аягына чыгарам” деп билдирди. Айтымында, бул ишти аягына чыгарууга өзүнүн саясий эрки жетет. Айта кетсек, депутаттар Батукаев маселеси боюнча Жогорку Кеңештин токтому аткарылбай, ишке катыштыгы бар делген айрым министрлер дагы деле жетекчи болуп жатканын айтышкан эле.
Жоомарт Оторбаев “Кумтөр” боюнча парламент кабыл алган чечимдин негизинде иштей турганын кошумчалады.