Премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев ЖКнын 3-апрелдеги жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасы 95 пайызга бүткөнүн билдирди. Айтымында, бул маселе боюнча акыркы чечимди парламент кабыл алат.
“Жол картасы боюнча тактай турган айрым маселелер калды. Коомчулуктун пикирин эске алуу менен бул документти биз сөзсүз парламентке алып келебиз”,- деди Оторбаев.
Парламентте бүгүн жаңы өкмөттүн курамы каралууда.