Жоомарт Оторбаев: “Манас” аэропортун сатуу боюнча эч кандай юридикалык документке кол коюлган жок”

“Манас” аэропортун сатуу боюнча эч кандай юридикалык документке кол коюлган жок”,- деп билдирди премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев ЖКнын 3-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, сүйлөшүү жүргүзүү үчүн “Роснефть” компаниясын чакыруу документине гана кол коюлду. 

“Өкмөт да, транспорт министри да эч кандай юридикалык документке кол койгон жок. Анткени “Манас” аэропорту стратегиялык жай, аны өз алдынча сатууга бизде укук жок. Маселени Жогорку Кеңеш чечет. Манас” аэропорту боюнча 8 инвестор кайрылды, биз сүйлөшүү жүргүзүүнү гана көздөп жатабыз”,- деп билдирди Оторбаев.

Парламентте бүгүн жаңы өкмөттүн курамы каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан