Улуттук
оппозициялык кыймыл бийлик тарабынан Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында жана ага
жакын аймактарда митинг өткөрүүгө тыюу салынганын мыйзамсыз деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде оппозиция лидери
Равшан Жээнбеков билдирди.
Алар ушул жылдын 10-апрелинде саат
11:00дө М.Горький атындагы сейил бакта Улуттук оппозициялык кыймыл уюштура
турган тынчтык митинги тууралуу жарыялашты.
Эске салсак, Биринчи Май райондук соту 31-марттан 1-майга чейин "Ала-Тоо" аянтында митинг жана
пикеттерди өткөрүүгө тыюу салган чечимин чыгарган.